• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 7 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-ноябрда саат 05:49дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 590-чакырымында "Мерседес Спринтер" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четиндеги тосмону сүзгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 2 аял киши жана 5 эркек киши жабыркаган (аты-жөнү такталууда).

Куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий