• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек шаарында баңгизат сатууга шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. Бишкекте "гашиш" баңгизатын сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга "О" аттуу жаран Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттарды таратуу менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Бул маалымат Биринчи май райондук милициясына катталып, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө 25-июлда болжол менен саат 22:30да Бишкек шаарынын аймагынан "Ауди 80" унаасын башкарып бара жаткан 1992-жылы туулган Б. уулу О. шектүү катары кармалган.

Унааны тинтүү учурунда айдоочунун отургучунун астынан жалпы салмагы 665 граммды түзгөн кара куурайдай өзгөчө жыты бар зат табылган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, Б. уулу О. шектүүгө таандык унаада табылган заттар “гашиш” баңгизаты болуп аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкек шаарынын милицсянын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий