• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек шаарынын үч көчөсүндө жол оңдоо иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 26.05.021. /Кабар/. Кытай өкмөтүнүн грантынын эсебинен "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында Бишкек шаарынын дагы үч көчөсүнүн бөлүгүндө жол иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көчөлөр эки жагына тротуарларды жана ирригациялык тутумду куруу менен оңдоло башталды.

Төмөнкү көчөлөрдө оңдолууда:

Абдымомунов көчөсү Манас проспектисинен Т.Молдо көчөсүнө чейин;

Жукеев-Пудовкин көчөсү Кулатов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;

Матросов көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин.

"Жогорудагы бөлүмдөрдө унаа кыймылы жарым-жартылай чектелет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо пландалууда. Бул тизмедеги көптөгөн көчөлөр кеңейтилет жана жаңы курулат, баарында тротуарлар жана ирригациялык тармактар каралган.

Оңдоо иштери Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт, подрядчиктер - кытайлык China Road and Bridge Corporation компаниясы.

Пикир

Оставить комментарий