• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек ЖЭБинде жылуулук режими кечке чейин калыбына келтирилет — Акылбек Жапаров

Коом 0

Бишкек, 25.01.22./Кабар/. Бишкек ЖЭБиндеги жылуулук режими бүгүн кечки саат 20:00 жана 21:00гө чейин калыбына келтирилет. Бул тууралуу маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) штаттык режимде иштеп жатат.

Маалым болгондой, бүгүн түштө Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.

"Кабар" агенттигине Улуттук энергохолдингден билдиришкендей, кырсык Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетикалык системасына кирген өлкөлөрүнүн биринде болгон.

Пикир

Оставить комментарий