Бишкекке мобилдик кычкылтек концентраторлорунун үчүнчү партиясы жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-июлда, Бишкек шаарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сатылып алынган 300 даана мобилдик кычкылтек концентраторлорунун үчүнчү партиясы жана 2000 пульсоксиметр жеткирилди.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова белгилегендей, бүгүн өлкөгө 300 даана кычкылтек концентратору алынып келинди. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 700 кычкылтек концентратору сатылып алынган.

«Мобилдик кычкылтек концентраторлору коронавирус инфекциясын жуктуруп, дарты күчөп кеткен бейтаптардын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет. Мекендештерибиздин өмүрүн сактап калуу үчүн ар тараптан бардык күч-аракеттер жумшалууда», - деп белгиледи Аида Исмаилова.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкандай, кычкылтек концентраторлору республиканын медициналык мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий