• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 12 жаштагы кызын зордуктоого шектелип атасы кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Бишкекте 12 жаштагы кызын зордуктоого шектелип атасы кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 27-февралда милицияга жашы жете элек кыз атасы тарабынан сексуалдык мүнөздөгү зордуктоого дуушар болгондугу жөнүндө билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге келген Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери 37 жаштагы киши мас абалында болгондугун, өзүнүн 2010-жылы туулган кызына сексуалдык мүнөздөгү зордук көрсөткөндүгүн аныкташкан.

Аталган факты боюнча "Зордуктоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Шектүү тергөө бөлүмүнө жеткирилип, эки айга камалды.

Пикир

Оставить комментарий