• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 4 жашар кыздын буту жылуулук берүүчү батареяга кыпчылып калган

Кырсык 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Бишкекте 4 жашар кыздын буту жылуулук берүүчү батареяга кыпчылып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы 12-кичирайондо жайгашкан №57 үйдүн батирлеринин биринде жылуулук берүүчү батареяга 2017-жылы туулган Б.А. аттуу кыздын буту кыпчылып калган.

Жерине ӨКМден 5 куткаруучу тартылып, кыздын бутун батареядан чыгарып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий