• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте көмүргө болгон баа туруктуу – Антимонополия

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Бишкекте көмүргө болгон баа туруктуу. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-февралда аталган кызматтын кызматкерлери шаардагы көмүр сатчу базаларда мониторинг жүргүздү.

"Бүгүнкү күндө көмүрдүн 1 тоннасы 4000 сомго чейин, ал эми тандалган түрү 4700 сомдон сатылууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Мониторингдин жүрүшүндө сатуучуларга «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий