• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионатынын ачылыш аземи өттү

Спорт 0

Бишкек, 11.04.24./Кабар/. Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионатынын ачылыш аземи өттү. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Азия чемпионатына 30дан ашуун мамлекеттен 600гө жакын спортчу катышууда.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан жана Министрлер Кабинетинин атынан сиздерди Сорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын ачылышын куттуктап коюуга уруксат этиңиздер. Спорттук күрөш – бул күчтү жана шамдагайлыкты сыноо гана эмес, өзүнүн жарашыктуулугу жана техникасы менен өзгөчөлөнүп турган тартип. Бул чемпионат чыныгы чемпиондорду аныктаган мыкты атлетикалык көндүмдөрдү, туруктуулукту жана күрөштөгү демди көрсөтүү үчүн аянтча болот. Азиянын эң мыкты спортчулары, анын ичинде өлкөбүздүн алдыңкы спортчулары “Азия чемпиону” ардактуу наамы жана алдыда Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн күч сынашат”, – деди МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров Мамлекет башчысы спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, биздин спортчулар жеңип алган беш лицензиянын төртөө күрөш боюнча экенин кошумчалады.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы бул мелдештер жогорку уюштуруучулук деңгээлде өтөөрүн, Кыргызстанда күрөштүн мындан аркы өнүгүшүнө кызмат кыларын, спортчулардын достук байланышын чыңдоого, жаш спортчуларыбыз үчүн трамплин болорун жана биздин өлкөнүн спорт боюнча жаңы жылдыздары чыгаарына ишенерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий