• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бейшеналиев менен Австриянын элчиси саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну талкуулашты

Ден соолук 0

Бишкек, 11.04.24./Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин “Россия Федерациясы, Чыгыш Европа жана Түштүк Кавказ, Чыгыш өнөктөштүк, Түркия жана Борбордук Азия” департаментинин жетекчисиЭлчи Герхард Сайллердин жолугушуусу болуп өттү.

Ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну талкуулашты.

Алымкадыр Бейшеналиев министрлик эл аралык уюмдардын калктын ден соолугун чыңдоого жаңы ыкмаларды издөөгө, уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, бардык саясатта ден соолук кызыкчылыктарын коргоого, саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө кошкон салымын жогору бааларын баса белгиледи.

Ошондой эле медициналык мекемелер тармагындагы долбоорлорду, анын ичинде жеңилдетилген кредиттик долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулоого даярдыгы жөнүндө билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кардиологиялык жана онкологиялык кызматтарды пайызсыз жеңилдетилген кредиттөө аркылуу модернизациялоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууну карап чыгууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий