• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте милиция кызматкерлери кош бойлуу келинди төрөт үйүнө жеткирүүгө жардам беришти

Коом 0


Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери кош бойлуу келинди төрөт үйүнө жеткирүүгө жардам беришти.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 12-июлунда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда болжол менен саат 13:15 чамасында Махатма Ганди көчөсүнөн белгисиз жаран кайгуул кызматкерлеринен жардам сурап кайрылып, унаада кош бойлуу айым бар экенин, жол тыгынынан улам төрөт үйүнө жете албай жатышканын айткан.

Кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, оор абалдагы айымды алып бара жаткан унааны артынан айдатып, кошумча үн берүүчү жана жаркыратуучу каражаттарды колдонуу менен жолдорду тазалап, аз убакыттын ичинде 2-төрөт үйүнө жеткиришкен.

Көп узабай кош бойлуу айымдын туугандары төрөт үйүнөн чыгып, келин аман-эсен көз жарып алгандыгын айтып, кызматкерлерге рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий