• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте шайлоочу бюллетенди сүрөткө тартып алган. Жерине милиция барды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндө жайгашкан №1150 шайлоо тилкесинде шайлоо мыйзамын бузган факты катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн дарекке Октябрь РИИБдин документтештирүү тобу барып, төмөнкүлөр аныкталган: "1998-жылы туулган С.Д. аттуу жаран шайлоо тилкесине келип, өзүнүн бюллетенин сүрөткө тартып алган. Кыздын сөзү боюнча, ал бюллетенди сүрөткө тартууга болборун билген эмес. Ошондой эле бул бюллетенди шайлоого барганын тастыкташ үчүн туугандарына көрсөтүү үчүн сүрөткө тартканын, эч ким аны үгүттөбөгөнүн билдирген".

Октябрь РИИБдин документтештирүү тобу тарабынан бул материал боюнча протокол толтурулду. Топтолгон материалдар борбордук шайлоо комиссиясына мындан ары чечим чыгаруу үчүн жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий