• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте төртүнчү скважинаны бургулоо башталды

Коом 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Бишкектеги Театралдык сквердин аянтында төртүнчү скважинаны бургулоо башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, скважиналар шаар райондорунун кургакчыл жана суусу аз аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу максатында бургуланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Профсоюз жана Нарвская, Ахунбаев жана Көк-Жаңгак көчөлөрүндө жаңы скважина бургулоо иштери аяктаган. Ал эми Жайыл Баатыр жана Чортеков көчөлөрүндө скважинаны бургулоо иштери аяктоо алдында турат.

Бишкек мэриясы шаар аймагында жалпысынан алты скважина бургулана тургандыгын маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий