• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жасалма номер тагылган Honda CR-V автоунаасы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Бишкекте жасалма номер тагылган Honda CR-V автоунаасы кармалды, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 16-ноябрда кайгуул кызматкерлери болжол менен саат 22:00дө И. Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Honda CR-V үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Кызматкерлер автоунаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 27 жаштагы М.Д., аттуу айдоочу унаасына жасалма номер тагып жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча унаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочу Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий