• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жаштар арасында Азия чемпионаты аяктады. Куржунда канча медаль?

Спорт 0

Бишкек, 27.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте 23 жашка чейинки балбандар арасында эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты өттү.

Мелдеш 23-26-июнь аралыгында Bishkek Arena муз аянтчасында болду.

Азия чемпионаты грек-рим күрөшү менен башталды. Жалпы 10 салмак категория болсо, кыргыз балбандары тогуз салмакта байгелүү орундарга илинди. Куржунга үч алтын, алты күмүш топтолду.

Ошондой эле Кыргызстандын курамасы жалпы командалык көрсөткүчтө 205 упай топтоп, биринчи орунга татыды. Ал эми экинчи орунга Индия, үчүнчүгө Казакстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы жайгашты.

Андан кийин кыз-келиндер арасындагы мелдештер башталып, ага Токио Олимпиадасынын коло байге ээси, дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова жана Азия чемпиону Айпери Медет кызы күчүн сынады.

Кыз-келиндер арасындагы мелдештин баары айланма түрүндө, башкача айтканда, спортчу ар бир атаандашы менен күрөшүп чыгыш керек. Жыйынтыгында ким атаандаштарын жеңип, көп упай топтогон болсо жеңиш ага ыйгарылат.

Айпери Медет кызынын жалпы төрт атаандашы болду. Алгачкы монголиялык каршылашын эске албаганда, кыргыз кызы калгандарын мөөнөтүнөн мурда жеңип жатты. Медет кызы өзүнүн салмагындагы бардык атаандаштарын артта калтырып, алтын медалга ээ болду.

Ал эми Мээрим Жуманазарова индиялык, өзбекстандык жана казакстандык спортчулар менен күрөштү. Үч атаандашын тең 10 упайлык артыкчылык менен утуп, жаштар арасында Азия чемпиону болду.

Кыргызстандык кыздар чемпионатта сегиз: эки алтын, үч күмүш жана үч коло медаль багындырышты. Ошондой эле командалык көрсөткүчтө экинчи орунга жайгашты.

Азия биринчилигинин акыркы жарышында эркин күрөш түрүнүн балбандары килемге чыкты. Балбандар сегиз байгеге: үч алтын, эки күмүш жана үч коло медалга ээ болуп, командалык жарышта экинчи орунга татыды.

23 жашка чейинки балбандар арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстан куржунуна 25 медаль топтой алды.

Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 30 спортчу аттанган.

Пикир

Оставить комментарий