• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Жеңиш күнүнө карата президенттин катышуусунда митинг-реквием өтүүдө

Президент 0


Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Бишкектеги Жеңиш аянтында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүп жатат.

Мамлекет башчысы Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Пикир

Оставить комментарий