• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги унаа майын алмаштыруучу жайдан чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 19.12.23./Кабар/. Бишкекте Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан автоунаа майын алмаштыруучу жайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, өрттүн жалыны жанаша жайгашкан Фрунзе көчөсүндөгү үйгө өтүп, чатыры күйүп кеткен.

Кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок.

"Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен жакын жайгашкан экинчи үй сакталып калды. Ал эми май алмаштыруучу жай толугу менен өрттөнүп кеткен. Тилсиз жоонун жалпы аянты 500 чарчы метрди түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 40 өрт өчүрүүчү, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Штабы тартылган.

Мындан сырткары, жеринде ИИМден 2 бригада, Тез жардам кызматы, “Бишкекгаз” кызматы, РЭТтен бир бригада иш алып барды.

Пикир

Оставить комментарий