• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен шаарында бала бакчадан өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 07.04.22. /Кабар/. Баткен шаарында бала бакчадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигининбасма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын Раззаков көчөсүндө жеке менчик балдар бакчасынын ажатканасында өрт чыгып жаткандыгы тууралуу бүгүн саат 10:23тө маалымат түшкөн.

Жерине шаардагы Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 11:17де толугу менен өчүрүлгөн.

"Бактыга жараша жабыр тарткандар болгон жок. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий