• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына: Айтматов –кыргыз рух туусу

Маданият 0

Бишкек, 20.06.18 /Кабар/. Эл аралык Түрк академиясы (TWESCO) азыркы замандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесин бир топ мамлекеттерде атайы уюштурулган алгылыктуу иш-чараларды өткөрүү менен белгилеп жатат. Бул тууралу “Кабар” агенттигине белгилүү окумуштуу, “Тюрксой” уюумундагы Кыргызстандын өкүлү Кадыралы Конкобаев билдирди.

Анын берген маалыматында, “эки кылымдын тогошунда, эки башка доордо жашап, аалам эли суктанып окуган, ЮНЕСКОнун маалыматтарына караганда 128 өлкөдө 100 миллион нускадан көп басылган, дүйнөнүн 176 элинин тилине которулган кыргыз генийинин чыгармалары адамзаттын кат тааныган катмарында улуттук аң-сезимдерди уйгу-туйгу ойго салган, “Эй адам, жашоо андай эмес, жолуңу тапчы, атаңдын, бабаңдын, ак сүтүн берген энеңдин баскан жолунан тайбачы, башка жолго түшпөчү, көзүңө карасаңчы, көр дүйнөгө азгырылбачы” дегенсип, бир эскерткич, адамды намыска келтирүүчү улуу касиетке айлангандыгынын күбөсү болуудабыз”.

Эл аралык Түрк академиясы (TWESCO) залкар ойчулдун чыгармаларынын дүйнөлүк деңгээлдеги маани-маңызын дагы терең түшүнүүгө, Чыңгыз Айтматовду берген кыргыз элинин тарыхый нарктуу жолун, уникалдуу материалдык жана руханий маданий байлыгын, кыргыз элинин түрк элдеринин, алардын арасындагы казак, кыргыз элдеринин боордоштук ордун терең түшүнүүгө,Айтматовдун мисалында таанытууга аракеттерди жасап жатат. Себеби, Академия Кыргыз Республикасынын да илимий бир мекемеси, анын негизги куруучуларынын бири болуп саналат.

2018-жылдын 18-июнь күнү Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн “Улуу талаа”: III Гуманитардык илимдердин форумунда Чыңгыз Айтматовдун адабий мурастары атайы отурумда сөзгө алынды. Форумда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы ата-журт, адамдын коомдогу трагедиялары, философиялык ой-жүгүртүүлөрү, коомдун өнүгүшүндөгү тарыхый жагдайлардын адам жашоосундагы таасирлери сыяктуу орчундуу, курч проблемалар айтылды.

Форумдун 6-отурумунда илимий билдирүү окуган окумуштуулардын, коомдук ишмерлердин, эл аралык мекеме, уюмдардын, элчилик өкүлдөрүнүн сөздөрүндө Чыңгыз Айтматов түрк дүйнөсүнүн чыныгы уулу экендиги белгиленди.

2017- жылы Астанада эң акыркы үлгүдө курулган “Хильтон” отелинде өткөн форумда жазуучунун чыгармаларынын көргөзмөсү да уюштурулду.

Эл аралык Түрк академиясынын иш-чаралары Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесин утурлай апрель айында О.Ибраимовдун “Айтматов. Последний писатель империи” аттуу жазуучунун өмүрүнө, чыгармачылыгын терең талдоого алган китебин басмадан чыгаруу менен башталды. 2018-жылдын 25-апрели күнү Астанадагы Казакстан Республикасынын Улуттук академиялык китепканасында өткөн кыргыз, казак интеллектуалдарынын форуму замандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына атайы арналган эле.

2018-жыл Эл аралык Түрк академиясы (TWESCO) тарабынан “Чыңгыз Айтматов жылы” деп, расмий жарыяланган.

Эл аралык Түрк академиясынын Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чаралары эми Кыргызстанда, дагы башка мамлекеттерде белгиленмекчи, деп айталат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий