• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чоң Чүй каналына унаа түшүп кетип, атасы менен баласы каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 08.11.17./Кабар/. Чоң Чүй каналына унаа түшүп кетип, эки адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кырсык кечээ, 7-ноябрда болжол менен кечки саат 21:00 чамасында болгон.

“ӨКМдин куткаруучулары “Пежо” үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен Чоң Чүй каналына барышкан. Куткаруучулар келгенге чейин унаадан айдоочунун жубайы 1977-жылы туулган Т. Р. жана уулу 1999-жылы туулган Т. И. ошондой эле кызы 2012-жылы туулган Т. А. эч кандай жаракат алышпай, унаадан өздөрү чыгып кетишкен. Кырсыктын кесепетинен айдоочусу 1975-жылы туулган Т.Т. жана уулу 2011-жылы туулган Т.Н. окуя болгон жерде каза болгон. Куткаруучулар унааны суудан чыгарышып, унаанын ичиндеги каза болгон адамдардын жансыз денелерин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий