• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чу дарыясынан эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Чу дарыясынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, Ысык-Ата районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 53-чакырымында Чу дарыясында болжол менен 60-65 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Токмок шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий