• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19. "118" сall-борбору өз ишин улантууда

COVID - 19 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. "118" сall-борбору жарандарга күн сайын COVID-19 боюнча кеп-кеңештерди берип, өз ишин улантууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Республикалык штабдан белгилешкендей, үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинен тарта коронавирус боюнча жарандарга кеңеш берүү үчүн Бишкекте "118" ыкчам кызматы иштей баштаган.

11-майдан тарта өлкөнүн бардык аймактарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборлорунун алдында 7 call-борбор ачылып, иштей баштаган. Call-борборлор күн сайын 08:00дөн 20:00гө чейин тыныгуусуз жана дем алышсыз иштейт.

Ар бир call-борбордо 4 оператор нөөмөт менен иштейт: 2 окутулган үй-бүлөлүк дарыгер/ординатор жана 2 медайым.

Пикир

Оставить комментарий