• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19: Кыргызстанда 1 миң 677 адам үй шартында дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда 1 миң 677 адам үй шартында дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, өлкө аймагында стационарда 539, амбулатордук түрдө 1677 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, 23-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 88 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 630ду түзөт. Алардын ичинен 41 миң 904 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий