• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Сутка ичинде 5 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Бишкекте бир, Ош облусунда бир, Баткен облусунда үч медик ооруп калды.

"Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 23 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3208 учур катталды, алардын ичинен 2874 медкызматкер айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 23-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 88 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 630ду түзөт. Алардын ичинен 41 миң 904 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий