• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Депутат: авария жасап, зордуктап, пара алып кармалган милиционерлер четтен чыгат

Коом 0

Бишкек, 31.01.19 /Кабар/. Акыркы мезгилде милиция кызматкерлери катышкан кылмыштардын саны арбыды. Бул тууралуу депутат Сагындык Келдибаев Жогорку Кеӊеш жыйынында Ички иштер министрлигинин жетекчилерине карата ушундай пикирин билдирди.

Анын маалыматы боюнча, мас абалында авария жасап, анын кесепетинен адамдар өлүүдө, милиция кызматкерлери зордуктаганы жөнүндө маалыматтар чыгууда, пара алып кармалгандар четтен чыгат. Кыскасы, мисал көп.

"Биздин милиция бизди коргойбу же кордойбу?, – деди Келдибаев, – "Милициянын абырою түштү, кадыры кетти. Менимче, ички иштер органдарында тереӊ реформаларды жүргүзүш керек".

"Мурда милиция кызматкерлери жумушка кылдат текшерүүдөн өткөндөн кийин кабыл алынчу, азыр андай болбой калды. Ички иштер органдарында көчөдөн келген кызматкерлер көбөйүп кеткени көрүнүп турат. Менимче, ички иштер органдарында тереӊ реформаларды жүргүзүп, кызматкерлерди тандоо ишин жакшыртпаса болбойт. Эл ишенимине ээ болмоюнча милициянын абырою көтөрүлбөйт, кадыры өспөйт", - деди Келдибаев.

Мындай пикирди депутат Айнуру Алтыбаева да колдоп, милиция кызматкерлери катышкан кылмыштарды, анын ичинде атышууларды тизмектеп берди.

"Ички иштер министрлигинин жетекчилиги бул фактыларды көзжаздымда калтырбай, иштиктүү чараларды көрүшү керек. Болбосо, милиция бизди коргобой эле, биз үчүн өздөрү коркунучка айланып калышты", – деп кошумчалады Алтыбаева.

Пикир

Оставить комментарий