• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

ДССУ дагы эле карылар жана кош бойлууларды COVID-19 каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырууда

COVID - 19 0

Бишкек, 02.04.23./Кабар/. ДССУнун Иммундоо боюнча эксперттердин стратегиялык кеңешүү тобу (SAGE) COVID-19 каршы эмдөө боюнча нускамасын жаңылады. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сайтында маалымдалат.

SAGE "Омикрондун" таасирин жана инфекция жана эмдөө аркылуу калктын иммунитетинин жогорку деңгээлин чагылдыруу үчүн COVID-19 каршы вакциналарды пайдалануудагы артыкчылыктарды белгилөө боюнча жол картасын кайра чыккан.

Кайра каралган жол картасында коронавируска каршы эмдөөнүн артыкчылыктуу үч тобу көрсөтүлгөн: жогорку, орто жана төмөн. Бул топторго бөлүштүрүү оорунун оор өтүү жана өлүмгө алып келүү тобокелдиктерине негизделген.

Жогорку артыкчылыктуу топко киргендер:

· улгайган адамдар;

· кант диабети жана жүрөк оорулары бар жаштар;

· иммундук жетишсиздиги абалындагы адамдар (АИВ, трансплантациядан кийинки бейтаптар), анын ичинде 6 айдан жогору балдар;

· кош бойлуулар;

· медицина кызматкерлери.

ДССУ бул топтогу адамдарга акыркы дозадан кийин 6 же 12 айдан соң бустердик вакцина алууну сунуштайт.

Орто артыкчылыктуу топко кошумча оорулары жок 50-60 жаштагы дени сак адамдар, ошондой эле кошумча оорулардан жабыркаган балдар жана өспүрүмдөр киришет. Бул топто баштапкы эмдөө жана бир жолку бустер гана талап кылынат. Кошумча бустердик вакциналар бул адамдарга сунушталбайт, бирок алар коопсуз.

Төмөн артыкчылыктуу топко 6 айлыктан 17 жашка чейинки курактагы дени сак балдар жана өспүрүмдөр киришет. ДССУ эксперттери белгилегендей, вакцина жана кошумча доза балдар үчүн коопсуз болгону менен, өлкөлөрдө эмдөө боюнча чечим «оорунун жүгү жана экономикалык натыйжалуулук» сыяктуу факторлорго негизделиши керек.

Пикир

Оставить комментарий