• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына даярдык көрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Спорт 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына даярдык көрүү боюнча көчмө жыйын өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчмө жыйын 1-апрелде “Газпром – балдарга” ден соолукту чыңдоо комплексинде өттү.

Жолугушууга Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорттогу жогорку жетишкендиктерди анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Марат Аскарбеков, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, Улуттук дзюдо федерациясынын өкүлдөрү, тиешелүү аткаруу бийлик органдарынын жана башка уюмдардын жетекчилери катышышты.

Жолугушууда материалдык-техникалык жабдуу, электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылуу, иш-чаранын катышуучулары менен конокторунун коопсуздугун камсыздоого байланыштуу маселелер көтөрүлдү.

Эскерте кетсек, дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты 2021-жылдын 6-9-апрель күндөрү Бишкек шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий