• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эгемендүүлүк күнү. Бишкекте жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы Эгемендүүлүк майрамына карата Ала-Тоо аянтындагы жашыл аймактарды көркүнө келтирип баштады.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, “Эмен” сейил багындагы, “Эркиндик” бульварындагы, “Улуттар достугу” кичи сейил багындагы жана борбордун көчөлөрүндөгү чөптөр чабылып жана отоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы гүлзарлар, Пушкин көчөсүндөгү жана “Эмен” сейил багы менен Өкмөт кичи сейил багындагы гүлзарлар отолуп шаар тургундарын көңүлүн ачууга даяр.

Мындан тышкары, жашылдандыруучулар Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишине тамыр системасы жабык бадалдардын жана ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузду.

Пикир

Оставить комментарий