• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эки өзбекстандык кыргыз жаранын уурдап кетип, туугандарынан 50 миң доллар талап кылган

Укук тартиби 0


Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Эки өзбекстандык кыргыз жаранын уурдап кетип, туугандарынан 50 миң доллар талап кылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, О.Т.Т. аттуу кыргыз жаранын уурдап кеткен У.У.З. жана Б.К.И. аттуу өзбек жарандары Өзбекстандын Наманган облусунун аймагынан кармалып, аталган өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, 28-февралда УКМКга О.С.Т. аттуу жаран кайрылып, анын О.Т.Т. аттуу агасын белгисиз адамдар Өзбекстанга уурдап кетип, барымтада кармап турушканын айтып, аны бошотууга жардам көрсөтүүнү суранган.

Такталгандай, 2022-жылдын октябрында эки өзбек жараны алдоо жолу менен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан "Баймак" өткөрмө пункту аркылуу О.Т.Т. аттуу кыргыз жаранын Өзбекстанга алып өтүп, ал адамды барымтага беш ай кармап, аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң АКШ долларын талап кылышкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 7-мартта уурдалган О.Т.Т. Кыргызстанга алынып келип, жакын туугандарына өткөрүп берилди.

Учурда Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий