• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Экономика министри Данияр Амангелдиев Кытайдын элчиси менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 27.12.22. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Министр Амангелдиев 2022-жыл кыргыз-кытай эки тараптуу мамилелери үчүн жагымдуу окуяларга бай болгонун, анын натыйжасында соода алакалары пандемияга чейинки деңгээлге жетип, өсүштүн оң динамикасы менен белгиленип жатканын айтты.

Экономика жана коммерция министрлигинин башчысы 2022-жылдын 19-декабрында СУАР Кытай Эл Республикасынын Элдик Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сун Хунмей башында турган СУАР Кытай Эл Республикасынын делегациясынын Кыргызстанга болгон иш сапарын канааттануу менен белгиледи.

Элчи Ду Дэвэнь соода-экономикалык кызматташтыктын өсүү динамикасы жана тараптардын делегацияларынын визиттеринин алмашуусу туруктуу улана берерине ишеним артты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий