• 88.68
  • 95
  • 0.95

Экономика министрлиги Казакстанда учкучсуз аппараттардын партиясынын кармалышы боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 19.07.23./Кабар/. КР Экономика жана коммерция министрлиги Казакстанда 14 учкучсуз учуучу аппараттардын партиясын кармалышы боюнча комментарийи берди.

Анда мындай деп айтылат:

««Инвест Импульс» ЖЧКсынын Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу DJI Agras T30 (учкучсуз учак) транзитине байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарында пайда болгон уруксат берүүчү документтери жок 14 даана учкучсуз учак жөнүндө маалымат 2022-жылы болгон фактыга тиешеси бар.

Учкучсуз учуучу аппараттар Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциянын улуттук контролдоо тизмесине киргизилет жана улуттук мыйзамдарга ылайык контролго алынуучу продукциянын улуттук контролдук тизмесине киргизилген кош максатта жана аскердик жүктөрдү импорттоо, экспорттоо, реэкспорттоо жана транзити Кыргыз Республикасынын (УКТ) лицензияланууга тийиш.

Бул талаптар тышкы экономикалык иштин бардык катышуучулары (мындан ары - ТЭИ), анын ичинде брокердик иш жана контролдонуучу продукцияны ташуу менен байланышкан иш-аракеттер, ошондой эле мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда контролдонуучу продукцияга тиешелүү мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болуп саналат.

Бирок, «Инвест Импульс» ЖЧКсы 2022-жылга карата Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жабдуулардын бул түрүн импорттоого уруксат алуу үчүн кайрылган эмес. Балким, бул компания учактар айыл чарбасында кеңири колдонулуп жатканын эске алып, бул продукт экспорттук көзөмөлгө алынарын биле албаса керек.

Белгилей кетсек, бул иш экспорттук көзөмөл жаатындагы жалгыз мыйзам бузуу болуп, ал үчүн «Инвест Импульс» ЖЧКсы тиешелүү жоопкерчиликке тартылган.

2023-жылдын март-апрель айларында АКШ, Евробиримдик жана Улуу Британиянын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынан кийин Министрлик экспорттук көзөмөлдү, анын ичинде аскердик жана кош багыттагы товарларга көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштерди уюштуруу максатында, алардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө бөгөт коюуну демилгелеген.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы (МБК) бул кош максаттагы товарларды тобокелдиктерди башкаруу системасына киргизген, алар аркылуу бул товарлар Кыргыз Республикасына уруксатсыз алынып кирбейт. Мында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактуралар системасы аркылуу аталган товарларга мониторинг жүргүзүү максатында маалыматтык өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.

Экспорттук контролго алынуучу товарларды мыйзамсыз ташып келүүгө/экспорттоого жол бербөө боюнча Кыргыз Республикасынын бизнес-коомчулугу менен да туруктуу негизде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, министрлик Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигине жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигине экспорттук көзөмөлдү жакшыртуу боюнча консультацияларды өткөрүү сунуштары менен кайрылды.

Тактап айтканда, биз ЕБге ЕБ өлкөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу органдар кош максаттагы товарларды экспорттоодо акыркы колдонуу сертификатын талап кылышын, тактап айтканда, кыргыз тарап бул сертификаттын жардамы менен кош максатта колдонулуучу товарларды импорттоочу субъекттерге мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы No 25 Мыйзамы менен «Экспорттук контроль жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, учурда бул Мыйзамды ишке ашыруу максатында ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу киргизилүүдө».

Пикир

Оставить комментарий