• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Мусаева «Борбор Азия – Кытай» катчылыгынын ачылышына катышты

Саясат 0

Бишкек, 30.03.24./Кабар/. Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева «Борбор Азия – Кытай» катчылыгынын ачылыш аземине катышты.

КР ТИМден билдиришкендей, иш-чара 30-мартта Кытайдын Сиань шаарында өттү.

Ага Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Сунь Вэйдун, Шэньси провинциясынын Кытай Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Чжао Идэ, «Борбор Азия – Кытай» катчылыгынын аткаруучу директору У Инцинь, ошондой эле Кытайдагы Борбор Азиянын дипломатиялык миссияларынын башчылары, КЭР жана Борбор Азия мамлекеттеринин башка расмий ɵкүлдɵрү катышышты.

Элчи Мусаева Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин куттуктоо катын окуп берди.

Мусаева катчылык Борбор Азия менен Кытайдын мамилесин мындан ары бекемдөөгө маанилүү жана олуттуу салым кошот деген ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий