• 88.68
  • 95
  • 0.95

Инфраструктураны жаңылоо энергетика тармагындагы реформанын маанилүү бир бөлүгү - Бекмурзаев

Коом 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Инфраструктураны модернизациялоо энергетика тармагындагы реформанын маанилүү бөлүгү. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Кыргызстандын энергетика секторундагы инфраструктуранын көпчүлүк бөлүгү өткөн кылымдын биринчи жарымында курулган.

"Жылдардын өтүшү менен объектилер моралдык жактан дагы, физикалык жактан дагы эскирүүдө. Аны менен бирге эле электр энергиясына болгон талап жогорулап, энергетика тармактарына болгон жүк дагы оорлошуп баратат.

Алдыда өз мөөнөтүн иштеп бүткөн конструкцияларды алмаштырышыбыз керек. Суроо-талаптарды канааттандыруу жана элди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жаңы объектилерди курганыбыз оң. Ошондуктан, инфраструктураны модернизациялоо - энергетика секторунда жүргүзүлүп жаткан реформанын маанилүү бир бөлүгү болуп саналат.

Кечээ күнү Ош шаарында салынып жаткан Батыш РЭТинин жаңы имаратына жана Ош менен Кароолдогу жогорку чыңалуудагы көмөкчү станциялардын курулушуна капсула салдым. Жогоруда аталган үч объекти тең энергетикалык компаниялардын өз каражатына салынат.

Бизден кийинки муун бул тема боюнча кабатыр болбогудай, көп убакытка жетип, мындан ары дагы 50, керек болсо 100 жыл кызмат кыла турган объектилерди курсакпы дейбиз", - деп жазган министр.

Пикир

Оставить комментарий