• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Эсептөө палатасы “Түндүк электр” ААКсынын 2015-жылдагы ишине аудит жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2015-жылга “Түндүк электр” ААКсынын ишине пландуу аудит жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча 542,1 миң сомго каржы бузуулары аныкталган. Анын ичинен, товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгуулары - 420,1 миң сом, курулуш-куроо иштеринин көлөмүн ашыруу - 95,7 миң сом, эмгек акыны негизсиз төлөө - 26,3 миң сом.

Каржы бузууларынын жалпы санынын ичинен 515,8 миң сом калыбына келтирилген.

Жана башка бузуулар 91,5 млн. сомду түзүп, анын ичинен 5,5 млн. сом бюджетке калыбына келтирди. Акционердик коомго 58,4 млн. сомго чыгымдар негизсиз киргизилген, андай болсо, компаниянын карамагында калган бөлүштүрүлбөгөн кирешелердин эсебинен жүргүзүлүшү керек эле. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жазма буйрук жөнөтүлдү.

Электр энергиясы өчүрүлгөндөн улам 53,1%ды түзгөн, кошулбаган 69 322 абоненттердин эсебинен “Түндүк электр” ААКсы жеткире толук албаган киреше 9,9 млн. сомду, ал эми бюджетке жеткире түшпөгөн салык – 1,4 млн. сомду түзгөн.

2015-жылга компания тарабынан электр тармагына абоненттерди кошуу боюнча кызмат көрсөткөндүгү үчүн, салыкты эсепке алуу менен, 8,4 млн. сом өлчөмүндө киреше алынган.

516 бирдиктеги штаттык саны жана техникалык мүмкүнчүлүгү менен, жогорку вольттуу линияларды оңдоо боюнча жеке түзүмдүк бөлүнүштөрдүн болгондугуна карабастан, тендер менен жеке подрядчыларды тартуу аркылуу, кээ бир курулуш-куроо иштери жүргүзүлгөн. Ошондуктан, 15,3 млн. сом рационалдуу эмес пайдаланылган деп аудит эсептейт.

Абоненттердин электр энергиясын өчүрүү жана кошуу боюнча кызмат көрсөтүүдөн келип түшкөн 5,5 млн. сомдук киреше, монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашылган эмес. Бардык сумма “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.

Аудиттин жүрүшүндө аныкталган жана башка бузуулар 1,0 млн. сомду түзгөн. Ошондой эле, аудит тарабынан “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары бузулгандыгы аныкталган.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча “Түндүк электр” ААКсынын жетекчилигине аудит жыйынтыктарын кароо жана аныкталган бузууларды четтетүү боюнча жазма буйрук берилди.

Пикир

Оставить комментарий