• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ички иштер министрлиги катарын мыйзамсыз аракеттерге барган кызматкерлерден тазалоодо

Коом 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Ички иштер министрлиги ИИОнун катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандарды жана мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандарды тазалоодо, деп билдирет министрликтин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө ИИМдин тутумунда коррупционерлерге, кызматтын кызыкчылыктарын саткандарга, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандарга каршы аёсуз күрөш жүргүзүлүүдө.

"Министрликтин жетекчилигинин коррупцияга болгон мамилеси эч качан өзгөрбөйт - мыйзам бузуучулар мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартылат. Бул ИИМдин принципиалдуу позициясы", - деп айтылат маалыматта.

2022-жылдын 3-апрель күнү ИИМдин БМЖКККнын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам ыйгарымдуу өкүлү А.А. кайрылып, Ош жана Баткен облусунун жарандары “Б” жана “У” аттуу атуулдар ири өлчөмдө баңги каражаттарын аткезчилик жолу менен Тажикстандан Кыргызстандын Баткен облусунун аймагы аркылуу мыйзамсыз алып өтүп, Кадамжай районунун аймагына сатуу үчүн сатып алуучу адам издеп жүргөндүгү жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөндүгүн билдирген.

Аталган факты боюнча чогултулган материал 2022-жылдын 3-апрелинде Баткен ОИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР КЖКнин 282-беренесинин 2-бөлүмүн 3-пункту менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2022-жылдын 4-апрель күнү саат болжол менен 03:20 чамасында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Ош шаарынын тургуну 1988-жылы туулган А.А. “Лексус-330” үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жаткан жеринен токтотулган. Автоунаада милиция кызматкерлери К.Б., А.А. жана И.Д. болушкандыгы аныкталган.

Ыкчам-тергөө аракеттеринин жыйынтыгында, автоунаага кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен автоунаанын багажынын дөңгөлөк коюучу жайында жалпы 30 даана сары полиэтилен баштыкка оролуп, скотчтолгон заттар табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 30 килограмм 460 граммды түзгөн.

Алынган буюм далилдерге соттук-химиялык экспертизасы дайындалып, күбөлөр суралган. Азыркы учурда кылмыш иш боюнча тиешелүү ыкчам тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий