• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Ирандын Накше-Рустам археологиялык зонасынан тарыхый жазуу табылды

Дүйнө 0

Бишкек, 31.01.19 /Кабар/. Ирандын Фарс провинциясында орун алган Накше-Рустам археологиялык зонасынан археологдор тарабынан балырлардын алдында 2500 жылдан ашуун убакыттан бери катылып жаткан үч тилдеги тарыхый жазуу табылды. Бул тууралуу ca-irnews.com кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ирандын байыркы маданияты жана тилдери тармагындагы көз карандысыз изилдөөчүсү Можтаба Дарудинин айтымында, бул тарыхый жазуу Накше-Рустамдагы Ахемениддер династиясындагы перс падышасы Дарий I күмбөзүнүн тегерегиндеги тоонун боорунан табылды.

Ал бул табылга акыркы жарым кылымдагы тил илими, Иран таануу жана тарых жаатында тарыхый жетишкендик болуп саналарын белгиледи.

Ал ошондой эле табылган жазууда азыркы учурга чейин тарыхта эч айтылбаган Ахемениддер доорундагы жогорку даражалуу адам жана байыркы Персия тууралуу текст бар экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий