• 88.68
  • 95
  • 0.95

Юридикалык жардам декадасы: Жарандар көбүнчө үй-бүлөлүк маселелер менен кайрылышкан

Коом 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. 6-13-декабрь аралыгында өткөн акысыз юридикалык жардам декадасында жарандар көбүнчө үй-бүлөлүк маселелер менен кайрылышкан. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КРнын юридикалык клиникалар ассоциациясынын директору Артур Бакиров билдирди.

Анын айтымында, декаданын эң негизги максаты аярлуу катмардагы жана майыптыгы бар, карапайым жарандарга укуктук жактан жардам берүү жана эл арасында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын түшүндүрүү жана жеткирүү болуп саналат.

"Анын жүрүшүндө жардам алуучулар көбүнчө үй-бүлөлүк маселелер менен, тактап айтканда алимент, баланы асырап алуу, балдарга жөлөк пул алуу сыяктуу, ошондой эле жер маселелери менен көбүрөөк кайрылышты", - деди ал.

Белгилей кетсек, 6-13-декабрь аралыгында Кыргызстанда акысыз юридикалык жардам декадасы өтүп, анда 7 миң ашуун жаранга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий