• 88.68
  • 95
  • 0.95

Юстиция министрлиги COVID-19га каршы эмдөө боюнча лекция өткөрдү

COVID - 19 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Юстиция министрлиги COVID-19га каршы эмдөө боюнча лекция өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-августта КР Юстиция министрлиги КР Саламаттык сактоо министрлигинин Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун колдоосу менен Юстиция министрлигинин, Пробация департаментинин жана Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын кызматкерлери үчүн короновирустук инфекциядан эмдөө маселелери боюнча түшүндүрүү лекциясын өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө КР ССМ РДЧБнун директорунун орун басары Шейшеева Нуржамал аталган министрликтин эмгек жамаатына коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн эффективдүүлүгү, вакциналардын курамы жана кыйыр таасирлери, жөнүндө презентация жасап так жана тастыкталган маалыматтарды айтып, эмдөө боюнча кызыктырган суроолорго жооп берди.

Андан сырткары иш-чарага каалоочулар үчүн эмдөө жүргүзүүгө атайын мед айымдар кошо чакырылган. Жолугушуунун аягында айрым кызматкерлер өз каалоосу менен эмдөөдөн өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий