• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кадамжайда 23 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан ажал тапты

Кырсык 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Кадамжайда 23 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан ажал тапты. Маалыматты Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Окуя тууралуу милицияга 2-январда Кадамжай районунун Исхак-Полотхан жалпы дарыгерлер практикалык борборунун тез жардам бөлүмүнүн дарыгери кабарлаган.

Маалымат райондук милициянын маалыматтардын электрондук журналына катталып, жерине ыкчам-тергөө тобу барган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө каза болгон келин менен 32 жаштагы Ж.Г. аттуу жолдошунун ортосунда көчөдө баратып пикир келишпестик орун алгандыгы аныкталган. Жолдошу аны муунтуп, келин жеринде каза болгон.

Маркумдун сөөгүнө сырттан кароо жүргүзүлүп, сол көз тарабында көгөргөн жарааттары жана мойнунда кол менен муунтулган белгилер аныкталган.

Ошондой эле, маркумдун денесиндеги келтирилген жарааттардын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кылмышка шектүү делип келиндин күйөөсү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий