• 88.68
  • 95
  • 0.95

Камчыбек Ташиев кыргыз тилдүү блогер Анатолий Разгоняевди кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 17-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев интернет тармагындагы блогер Анатолий Разгоняевди кабыл алды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев Анатолий Разгоняевдин Кыргызстанда кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын жогору бааларын белгилеп, патриоттук духта блогердик ишмердигин улантылышы керектигин айтты. Көп улуттуу Кыргызстандын ар бир жараны, кайсыл улуттун өкүлү экендигине карабастан Кыргызстанды чын дилден сүйүүгө, анын ар тараптуу өнүгүшүнө жардам берүүсү керектигин, бул багытта блогер Анатолий Разгоняев сыяктуу жарандардан үлгү алууга болорун кошумчалады.

Камчыбек Ташиев блогер Разгоняевге белек катары колуна камчы карматып, башына ак калпак кийгизди.

Эскерте кетсек, Разгоняев А.В tolik_kyrgyz1 аталышындагы тик-ток тиркемесинде кыргыз тилинде ишмердүүлүк кылат.

Пикир

Оставить комментарий