• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Буура мамлекетчил Сооронбай Жээнбековду колдойт

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 24.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Кара-Буура районунда шайлоочулар менен кездешип, аларга кайрылуу жасагандан кийин, талапкер тууралуу айтылган ойлор тɵмɵндɵ келтирилген:

Аскар МАЙРАМБЕК уулу, район тургуну:

- Мага Сооронбай Жээнбековдун алдыга койгон максаттары, аткарчу иш-пландары жагып жатат. Ал ɵкмɵт башчы болуп турганда жасаган жакшы иштерине ɵзүм күбɵмүн. Бишкекте жатып алган жок, аймактарды кыдырып, элдер менен жакындан баарлашып, кɵйгɵйлɵрүн жеринде билип жатты. Анын тушунда Кыргызстандын экономикасы артка кеткен жок, алдыга карай гана ɵсүп жатты. Бул Сооронбай Жээнбековдун экономиканы, айыл-чарбаны жакшы түшүнгɵндүгүнɵн кабар берет.

Кээ бир саясатчылардай болуп тили, сɵзү менен эмес, иши менен кыйратты. Саясый оюндардан алыс, популист эмес, коррупция сыяктуу жаман иштерге аралашпаган. Айтор, бул киши жɵнүндɵ кɵп жакшы нерселерди гана айтууга болот экен. Бир жаман сɵз уккан жокмун. Анан бардык жагынан тɵп келген талапкерди президент кылып шайлап алышыбыз керек го.

Курал УСУБАЛИЕВ, район тургуну, эмгек ардагери:

- Сооронбай Жээнбеков аябай токтоо, салабаттуу, маданияттуу, оор басырыктуу адам. Сүйлɵшүп калсаң, сɵзүңдү бɵлбɵй кунт коюп аягына чейин угат. Буга чейинки саясаттагы, жетекчилик тажрыйбасы да президенттик кызматка аны эң татыктуу кылат. Президент болуп шайланып калса, ɵлкɵбүздүн экономикасын ɵнүктүрүп, адилеттүү, чынчыл президент болоруна ишенип турам. Кудай кааласа, шайлоодо ушул киши шайланып, элибиз чыныгы элдик президентке ээ болсо экен.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 24.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий