• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кара-Суу районунда күнүнө 350-400 кап ун чыгарылууда - аким

Аймак 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Кара-Суу районунда "Нан" ишканасынан күнүнө 350-400 кап ун чыгарылууда. Бул тууралуу Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов билдирди.

Анын айтымында, райондун төрт жеринде азык-түлүк сактаган капма уюштурулган.

"Айыл өкмөттөрүнөн атайын келип өздөрүнүн айылдарына керектүү азык-түлүктөрдү алып кетүүдө. Бул жагында көйгөй жок. Ун боюнча "Нан" ишканасы иштеп жатат. Анда күнүнө 350-400 кап ун чыгарылууда", - дейт аким.

Матраимов кошумчалагандай, коронавирус боюнча Кара-Суу райондук администрациясынын "50003" атайын ишеним номери иштелип чыккан. Аны менен бирге, райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун "51962" ишеним телефону уюштулулган.

Ал эми Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиевдин айтымында, Ноокат районунда азык-түлүк маселеси чечилген. "Ар бир айылда 3-4 унаа азык-түлүк ташууда. Алардын баары уруксат кагазы менен камсыз болгон", - дейт Маматалиев.

Пикир

Оставить комментарий