• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Караколдо мурдагы аялын бычактоого шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. Каракол шаарында мурдагы аялын бычактоого шектелип эркек киши кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 9-ноябрда саат 17:19дар чамасында “102” кызматына Каракол шаарында жайгашкан “Кумтөр” соода борборунда аял бычакталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалымат маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө топтору жөнөтүлгөн.

“Алгачкы маалымат боюнча, 35 жаштагы эркек мурда ажырашкан 30 жаштагы аялы менен соода борборунда өз ара сүйлөшүү үчүн кездешкен. Сүйлөшүү учурунда пикир келишпестик чыгып, анын кесепетинде күйөөсү аялына жана өзүнө бычак сайып жиберген. Натыйжада, аял алган жараатынан окуя болгон жерде каза болгон, күйөөсү облустук ооруканага жеткирилген”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда териштүрүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий