• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Казакстандан Тажикстанга ташылган газдын көлөмү 40% азайды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. Тажикстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына Казакстандан алып келинген «көгүлтүр отундун» көлөмүнүн 40% азайганына байланыштуу. Бул тууралуу тажик базарына газ ташып келүү менен алектенген «Фароз» компаниясынан билдиришти.

27-июндагы расмий билдирүүсүндө компаниянын жетекчилиги суюлтулган газдын кымбатташына кызыкдар эмес экенин белгилеп, жакынкы айларда ички базарды жеткиликтүү баадагы газ менен камсыз кылууну убадалады.

Буга чейин Антимонополия кызматынын Согди облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Носир Акмалзода өлкөдө суюлтулган газдын кымбатташына казакстандык компаниялар бир тонна отундун баасын 384 доллардан 587 долларга чейин жогорулатып жибергени себеп болгонун билдирген.

Анын айтымында, өлкөнү суюлтулган газ менен камсыз кылган тажик компаниялары Казакстандан сатып алууну азайтып, бул баалардын өсүшүнө, айрым жерлерде көгүлтүр отун тартыштыгына алып келген. Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанга суюлтулган газдын 70% Казакстандан алып келинет.

Казак басылмаларынын билдиришинче, Казакстанда суюлтулган газ быйыл январдан тарта жогорулай баштаган. Буга өлкөнүн энергетика министринин «көгүлтүр отундун» жогорку баасын 10% көбөйтүү тууралуу буйругу себеп болгон. Майда казак парламенти өндүрүүчүлөргө суюлтулган газдын жогорку дүң баасын көтөрүүгө мүмкүндүк берген мыйзам долбоорун жактырган.

Пикир

Оставить комментарий