• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кегетиде 50 окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланды

Кырсык 0

Бишкек, 28.12.17. /Кабар/. Чүй облусунун Кегети айылында жайгашкан Исаев атындагы орто мектептин 7-8-классында окуган 50 окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-декабрда болжол менен саат 14:00дө окуучулар генератордун жардамы менен Жаңы жылдык майрам уюштурушкан.

“Саат 17:00дө Чүй райондук ооруканасына 50гө жакын окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланып кайрылышкан. Азыркы учурда ооруканага кайрылган окуучулардын абалы туруктуу”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий