• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Коронавирус: Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде ыкчам штаб иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Кытайда коронавирустун чыгышынан улам жаралган эмидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде ыкчам штаб иштеп жатат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, ал ыкчам штаб керектүү маалымат жана жардам берүү үчүн Кытайдагы КР жарандарынын, алардын туугандарынын телефон чалууларын жана кайрылууларын күнү-түнү кабыл алууда.

"Учурда КР Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги КЭР Тышкы иштер министрлиги жана башка мамлекеттик органдары менен биргеликте Кытайдагы кыргыз жарандарын алып келүү боюнча иш алып барууда", - деп билдиришти министрликтен.

Мындан улам министрлик Кытайдагы КР жарандарына өзүнүн байланыш номерлерин, дарегин жана башка керектүү маалыматтарын Кыргызстандын Кытайдагы мекемелерине жана КР ТИМ Консулдук кызмат департаментине билдирүүсүн суранат.

Тышкы иштер министрлиги, коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал турукташканча кыргыз жарандарын Кытайда барбай турууну сунуштайт.

"Ошол эле учурда Кытайдагы кыргыз жарандарына, эл көп болгон жерлерден алыс болуу, жергиликтүү бийликтин жана медициналык мекемелердин кеңештерин аткаруу сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

КРнын Кытайдагы дипломатиялык мекемелерине жана КР ТИМ Консулдук кызмат департаментинин даректери жана телефон номерлери:

1. КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти. Дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 10, кызматтык телефон (+996 312) 663405 (кошумча номер 105, 109, 119), 660811 (кошумча номер 105, 109, 119).

КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин түз байланыш телефону: +996 551 312000 ("WhatsApp", "Viber", "Telegram" аркылуу чалууларды, үн жана кат түрүндөгү билдирүүлөрдү кабыл алат).

2. Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги. Дареги: H 10/11 King’s Villas № 18, Xiaun Road, Beijing 100016, China, кызматтык телефон (+86 10) 64681297, e-mail: kgembassy.cn@mfa.gov.kg, шашылыш учурда: +86 132 602 03680; +86 135 819 02801.

3. Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугу. Дареги: Room No. 707, Grand Tower No. 228, Tianhe Road, Guangzhou, 510620, China, кызматтык телефон (+86 20) 38013875, e-mail: kgconsulate-guangzhou@mfa.gov.kg. Шашылыш учурда: +86 139 250 51627, +86 186 660 93015.

4. Кыргызстандын Үрүмчү шаарындагы Виза пункту. Дареги: №876, Davan Bei, Urumqicity, China, 830063, e-mail: kgconsulate.urumchi@mfa.gov.kg, шашылыш учурда: +86 13325629147, +86 18599044747.

Пикир

Оставить комментарий