• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР УКМК кыргыз-тажик биргелешкен жолу аркылуу күйүүчү май ташыган унаалар боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Канибадамд – Арка – Худжан автожолу аркылуу күйүүчү май ташыган унаалар боюнча комментарий берди.

Комитеттин басма сөз кызматынан билдиришендей, 6-мартта интернет сегментинин айрым социалдык тармактарында Канибадам шаарынан Тажикстандын Худжанд шаарына КР Лейлек районунун Арка айылындагы кыргыз-тажик биргелешкен автожолу аркылуу жол бойлой бара жаткан КРнын мамлекеттик номурлуу май ташуучу унаалардын өтүүсү боюнча комментарийлер жана видео, сүрөттөр жарыяланган.

Мындай билдирүүлөр Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү-майлоочу заттарды аткезчилик жол менен алып өтүүдө деген катаал айыптоо менен социалдык тармактын айрым колдонуучулары тарабынан түрдүү пикирлерди жаратты.

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында төмөндөгүлөр аныкталды.

Бул күйүүчү май ташыган унаалар чындыгында Кыргыз Республикасында юридикалык дареги бар жеке компанияга таандык, бирок Казакстандын жаранына ижарага берилген, анын ишканасы Өзбекстандан Тажикстанга өнөр жай майын ташуу боюнча кызмат көрсөтөт. 6-мартта өзбек-тажик чек арасында унаалар топтолуп калгандыктан бул компания Канибадам-Арка-Ходжент унаа жолуна чыгууга аргасыз болгон. Ижарага алынган жүк ташуучу унааларды Кыргызстандын жарандары Тажикстан Республикасынын аймагына кирүүгө мүмкүн болбогондуктан Өзбекстандын жарандары айдаган.

Аталган ишкананын ээлери менен Кыргыз Республикасына тиешелүү автотранспортторду пайдалануу аркылуу келечекте мындай фактыга жол бербөө тууралуу тиешелүү профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий