• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Кримтөбөл Рысбек Акматбаевди мыкаачылык менен өлтүргөн кылмыштын бети ачылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Кримавторитет Рысбек Акматбаевди мыкаачылык менен өлтүргөн кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү, ошондой эле кылмыштуу чөйрөнүн таасирин бөлүү максатында жасалган буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн сериясына тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, көп жыл мурун болгон криминалдык авторитет Рыспек Акматбаевдин өлүмү ачылды.

Белгилүү болгондой, 2006-жылдын 10-майында Көк-Жар айылында мечиттин жанынан Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар Р.Акматбаевге куралдуу кол салышкан, Р.Акматбаев башына жана көкүрөгүнө тийген көптөгөн октон алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

Ошол учурда укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, киши өлтүрүүнү бир кылмышкер жасаган, ал беткап кийип Р.Акматбаевди “Калашников” автоматынан атып, андан соң унаага түшүп, Бишкек шаары багытын көздөй из жашырып кеткен.

Бул фактынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси “Киши өлтүрүү” (1997-ж. редакциясы) боюнча кылмыш иши козголгон, ал белгисиз себептер менен ушул убакка чейин резонанстуу кылмыш болуп ачылбай келген.

Бирок, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Р.Акматбаевди өлтүрүүнү маркум К.Асанбек, А.Анапияев, Б.Самсалиев (“Боха Казарманский”) жана М.Раимбеков (“Рэмбо” аты менен белгилүү, дайынсыз жоголгон) уюштуруп, жасагандыгы аныкталды.

Р.Акматбаевди жок кылууну жогоруда аталган катышуучулардын баары аткарышы керек болгон, бирок адам өлтүрүү учурунда унаанын рулунда М.Раимбеков, ошондой эле унаанын артында отуруп кылмышты көзөмөлдөгөн К.Асанбек калган. Буга байланыштуу А.Анапияев менен Б.Самсалиев К.Асанбектин чыгышын күтпөстөн, Р.Акматбаевди маңдайынан түз атып, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен. Бул фактылар К.Асанбектин киши өлтүргүчүнүн (киллер) көрсөтмөлөрүнүн негизинде аныкталды, анын аты-жөнү тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт.

Мындан тышкары, учурда УКМК тарабынан К.Асанбектин жана анын кылмыштуу топторунун ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо жана ачууга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы тууралуу дагы кабарланат.

Пикир

Оставить комментарий