• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыйноолорго байланыштуу даттануулардан улам бир катар жабык мекемелер текшерилет

Коом 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Кыйноолор боюнча даттануулар көбөйгөндүгүнө байланыштуу УКМКнын тергөө абагы, Республикалык психикалык ден соолук борбору, №47 түзөтүү мекемеси, ИИББнин убактылуу кармоочу жайы, Вознесеновка айылындагы №14 тарбия колониясы текшерилет. Бул тууралуу Кыйноолорду алдына алуу улуттук борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-декабрдан 10-декабрга чейин Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынышынын 70 жылдыгына карата аталган борбор Борбор Азиядагы Эл аралык абак реформасы (PRI) уюму менен өнөктүктө он күндүк өткөрөт.

“Кыйноолор боюнча арыздануулар көбөйгөндүктөн он күндүктүн алкагында 3-6-декабрда Улуттук борбор Жогорку Кеңештин өкүлдөрү менен биргеликте камакта отургандардын кандай шарттарда кармалып жатканын текшерүү максатында жабык мекемелерди алдын ала барып көрүү пландалууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий