• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-Орус Славян университетинин жаңы жетекчиси окуу жайдын жамаатына тааныштырылды

Билим 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Уланбек Усеков күн мурун Кыргыз-Орус Славян университетинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган Денис Фомин-Ниловду окуу жайдын эмгек жамаатына тааныштырды.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Денис Фомин-Нилов жамаатка университетти өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясын тааныштырды.

Уланбек Усеков коюлган максаттарга жетүүдө Кыргыз-Орус Славян университети Евразиялык экономикалык биримдигинде алдыңкы окуу жайга айлана аларын белгиледи.

Белгилей кетсек, Денис Фомин-Нилов КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министрлигинин биргелешкен буйругунун негизинде дайындалды.

Тиешелүү буйрукка КР билим берүү жана илим министринин милдеттерин аткаруучу Уланбек Усеков жана Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский кол койду.

Пикир

Оставить комментарий